Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери
Күчүн жоготкон · 28.07.2017 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 28 июля 2017 года № 162.
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган кылмыштардын алдын алуу, табуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө;
3) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролду камсыз кылуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүмдөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.
Берененин тексти 28.07.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203846/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>