Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун датасын жылдыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 12
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун датасын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 18-декабрындагы №182 токтому менен Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 30-декабрына дайындалган. Белгиленген мөөнөттө аталган айылдык кеңештин депутаттарынын керектүү сандагы катышуусунун жоктугунан, кайра шайлоо өткөн эмес. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин 23 депутаттарынан жана айылдык аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештеринин өкүлдөрүнөн кайрылуулары келип түшкөн. Ал кайрылууларды кароо жана изилдөө максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде БШКнын төрагасынын 2014-жылдын 14-январындагы №1/к буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, жерине барып териштирип келишкен. Аталган жумушчу топ, айыл өкмөт башчысын шайлоодо, депутаттарга кысым көрсөтүүлөр, коркутуулар болгондугун белгилешип, көпчүлүктүн пикирлеринин негизинде кайра шайлоо күнүн жылдырып берүү сунушун берген. Жумушчу топтун берген сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун датасы 2014-жылдын 3-февралына жылдырылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 18-декабрындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу…Постановление · 18.12.2013 · № 182
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон