15-берене. Кыртышты изилдөөлөр
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртышты изилдөөлөр кыртыштын абалын жана сапатын аныктоо, кыртышты сактоо, калыбына келтирүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында жүргүзүлөт.
2. Кыртышты изилдөөлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, аткаруу бийлигинин программаларынын же чечиминин негизинде же жерди пайдалануучулардын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
3. Кыртыштык изилдөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт жана жер участогундагы кыртыштын түрлөрүнүн жана түрчөлөрүнүн жайгашуусун, кыртыштын санитардык жана экологиялык абалын жана кыртыштын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
4. Кыртышты изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар кыртыш карталарын, кыртыштын абалы жөнүндө отчетторду жана башка расмий документтерди камтыйт.
5. Кыртыш карталары мамлекеттик жер кадастрынын, мамлекеттик экологиялык мониторингдин, кыртыштык изилдөөлөрдүн маалыматтарынын жана кыртыш жөнүндө башка маалыматтардын негизинде түзүлөт.
6. Кыртыштын абалы жана кыртышты изилдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтар аткаруучу тарабынан берилет.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-15" title="15-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>