14-берене. Кыртышты коргоо боюнча программалар
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртыштын ар түрдүүлүгүн сактоо, алып айтканда, алардын булганышын жана кери кетүүсүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан каржылануучу комплекстүү, максаттуу жана региондук жана жергиликтүү программалар кабыл алынышы мүмкүн.
2. Комплекстүү программаларда кыртышты коргоо боюнча чаралар менен катар, жаңы айдоо аянттарын жана маданий жайыттарды өздөштүрүү боюнча башка иш-чаралар да каралат.
3. Мамлекеттик максаттуу жана региондук программаларда кыртышты суу жана шамал эрозиясынан коргоого, кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга багытталган, кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар жана кыртышты коргоо боюнча башка чаралар да каралат.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т (2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын бекитүү…Распоряжение · 25.03.2024 · № 107-р
- 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси…Программа · 25.03.2024 · № 107-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-14" title="14-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>