16-берене. Өндүрүштүк иштерде, чарбалык объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрлөрүндө кыртышты коргоого карата талаптар
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштер, чарбалык объекттерди эксплуатациялоо жана иштин башка түрү кыртышты коргоо жаатындагы талаптарга жана ченемдерге, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлүшү керек.
2. Кыртыштын булганышын болтурбоо максатында жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү өндүрүштүк иштерде, объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрүндө булгоочу заттардын ыргытындыларын жана чыгындыларын тазалоочу натыйжалуу каражаттардын технологиясын пайдаланууга, өз объекттерин атайын тазалоочу жабдуулар менен камсыз кылууга милдеттүү.
3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар кыртышка терс таасир этүүчү объекттерди эксплуатациялоодо жана иштин башка түрү менен алектенүүдө кыртыштын абалына өндүрүштүк мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү.
4. Объекттерди эксплуатациялоонун жана иштин башка түрүнүн натыйжасында жер участокторундагы кыртышты булгаган, ал калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирген учурларда, жеке жана юридикалык жактар кыртыштын булганган катмарын кырып алып таштоо жана көмүү боюнча иштерди жүргүзүүгө жана булганган жерлерди белгиленген тартипте кайра жумшартууну жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-16" title="16-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>