11-берене. Кыртышты коргоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июля 2016 года № 99
1. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат ыйгарым укуктуу органдар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Айыл чарба жерлерин мелиорациялоо артыкчылыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жылына белгилүү көлөмдө иш жүргүзүүнү, ошондой эле жаны сугат аянттарын өздөштүрүүнү пландоо менен камсыз кылынат.
3. Зарыл болгон учурда кыртышты коргоо жана калыбына келтирүү боюнча ири иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржы булактарын тартуу менен, ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Кыртыштын күрдүү массасын, чөгүндүнү, чымды чет өлкөгө алып чыгууга жол берилбейт.
5. Кыртыштын үлгүлөрүн жана чулу кыртыштарды сыноого импорттоону жана экспорттоону же изилдөө жана талдоо үчүн кыртышты сыноону кошпогондо, кыртышты коммерциялык жана өндүрүштүк керектөөлөр үчүн алып чыгууга тыюу салынат.
6. Жерлерди, жайыттарды курулуш үчүн бөлүүдө же убактылуу пайдаланууга берүүдө же чек араларын тактоодо кыртыштын үстүнкү бетин жана өсүмдүктөрүн максималдуу сактоо, ошондой эле кыртышты коргоо боюнча талаптарды аткаруу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7. Кыртыштын абалына жана күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүчү агрохимиялык коргоо каражаттарын, мунай заттарын, өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик калдыктарын, ошондой эле булганган заттардын ыргытындылары жана чыгындылары менен кыртышты булгоого жол берилбейт.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
06.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коргоо жаатындагы мамлекеттик саясат ыйгарым укуктуу органдар алынып салынды: жана кошулду: берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө … же менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар алынып салынды: тарабынан кошулду: тарабынан, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Кыртыштын күрдүү массасын, чөгүндүнү, чымды чет … жана чыгындылары менен кыртышты булгоого жол берилбейт.
кошулду: (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-11" title="11-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>