12-берене. Кыртыш ченемдери жана баалоо
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртышты бонитировкалоо (кыртышты анын сапаты боюнча баалоо) анда чириндинин болушун, кери кетүүнүн жана зыяндуу заттар менен булгануу деңгээлин, ошондой эле өлкөнүн жаратылыштык-климаттык чөлкөмдөрү боюнча жыйындысында кыртыштын күрдүүлүгүнө жана өндүрүлгөн азыктардын сапатына таасир тийгизүүчү кыртыштын курамынын, түзүмүнүн жана касиетинин көрсөткүчтөрүнүн топтомун эске алуу менен, баллдык шкала боюнча кыртыштын баалуулугун белгилөө максатында жүргүзүлөт.
2. Кыртыштын бонитетин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Кыртыштын мүнөздөмөсү Мамлекеттик жер кадастрынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
4. Кыртыштын абалын баалоо ченемдери жана аларды аныктоо усулдары курчап турган чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштелип чыгат жана ченемдерди иштеп чыгууга жоопкер тиешелүү илим-изилдөө мекемелери, ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Кыртышка жол берилген зыяндуу таасир этүүлөрдүн чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Калктын саламаттыгына, курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына кери кеткен, булганган жана бузулган кыртыштын зыяндуу таасиринин жол берилген чектүү ченемдери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т (2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын бекитүү…Распоряжение · 25.03.2024 · № 107-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасында кыртыштын бонитетин аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2019 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2019-жылдын 25 февралындагы № 3-дп "Топуракты изилдөөнүн материалдарын корректировкалоо…Приказ · 25.02.2019 · № 3-дп
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомуПостановление · 25.02.2019 · № 87
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-12" title="12-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>