1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 153-берененин 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30) "Экономикалык (баланстык) запастар" - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.".
2. 197-берененин 3-бөлүгүндө "5" деген сан "15" деген сан менен алмаштырылсын.
3. 213-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"213-берене. Пайда салыгынын ставкасы
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, пайда салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү салык төлөөчүнүн пайда салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.".
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 221-1-берене менен толукталсын:
"221-1-берене. Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү киреше салыгын төлөйт.
2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштер кирешеге салыгын салуу объектиси болуп саналат.
3. Киреше салыгынын салык базасы төмөнкүлөр болуп саналат:
1) алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды сатып өткөрүүдөн алынган КПС жана сатуудан алынган салык эсепке алынбаганда түшкөн акча;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дүйнөлүк баага карата эсептелген алтын камтыган казылмадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы.
4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
| Бир троя- лык унция алтын- дын АКШ долла- рында баасы | 1201 ден 1300 гө че- йин | 1301 ден 1400 гө че- йин | 1401 ден 1500 гө че- йин | 1501 ден 1600 гө че- йин | 1601 ден 1700 гө че- йин | 1701 ден 1800 гө че- йин | 1801 ден 1900 гө че- йин | 1901 ден 2000 гө че- йин | 2001 ден 2100 гө че- йин | 2101 ден 2200 гө че- йин | 2201 ден 2300 гө че- йин | 2301 ден 2400 гө че- йин | 2401 ден 2500 гө че- йин | 2501 ден жана ан- дан жо- гору |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Киреше салы- гынын став- касы % да | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
5. Календардык ай киреше салыгынын салык мезгили болуп саналат.
6. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган Салык төлөөчү салык отчетун берүүнү жана киреше салыгын төлөөнү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин эсептик катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. Эсептик каттоосу жок болгон учурда киреше салыгы салыктык каттоо болгон жери боюнча төлөнөт.".
5. 299-304-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"299-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктардын түрлөрү
Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бонустар - пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бир жолку төлөмдөр;
2) роялти - пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана/же жер астындагы сууларды алуу (жер түпкүрүнөн чыгаруу) максатында жер казынасын пайдалануу үчүн күнүмдүк төлөмдөр.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203758/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>