300-берене. Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктарды төлөөдөн
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
бошотуу
Жер казынасын пайдаланганы үчүн салыктарды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, ага таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жана жер астындагы сууларды алууну жүргүзгөн жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу;
2) өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочулук, илимий жана тарыхый-маданий мааниге ээ, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн жер казынасынын участогун алган субъект;
3) тоо кен, байытуу, кокс-химиялык жана металлургиялык өндүрүш калдыктарын кайра иштетүүчү субъект;
4) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө иштерин, анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү башка иштерди аткаруучу субъект.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
300-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203758/st-300" title="300-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>