Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштеринин негизги багыттары
Күчүн жоготкон · 13.02.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштеринин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча коомдук жана парламенттик комиссиялар менен, ошондой эле жарандар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү механизмин түзүү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы аракеттенүүдө кыйла жигердүү катышуу үчүн тартууга, коомдо коррупциялык жүрүм-турумга терс мамиле түзүүгө багытталган мыйзамдык, администрациялык жана башка чараларды кабыл алуу;
4) коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү, башкача айтканда иштин тийиштүү жааты үчүн коррупцияны алдын алууну камсыз кылуучу тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү тутумун белгилөө;
5) жарандардын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматка жетимдүүлүгүн камсыз кылуу;
6) коррупцияны алдын алуу боюнча чараларды артыкчылыктуу колдонуу:
7) саясий, уюштуруучулук, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды комплекстүү колдонуу;
8) жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
9) судьялардын көз карандысыздыгын жана сот ишине кийлигишпөө принциптерин сактоо;
10) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишин уюштурууну өркүндөтүү;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнүн тартибин өркүндөтүү;
12) мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жөнөтүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууда ак ниеттүүлүктү, ачыктыкты, ак ниеттүү атаандаштыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу;
13) негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, өзгөчө экономикалык иш жаатында четтетүү;
14) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү, мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык жардам көрсөтүүдө) пайдалануу тартибин, ошондой эле мындай мүлктү берүү жана аны ээликтен ажыратуу үчүн укукту берүү тартибин өркүндөтүү;
15) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жана социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу;
16) коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жол менен алынган жана чет өлкөдө турган мүлктү издөө, конфискациялоо жана репатриациялоо жаатында укук коргоо органдары жана атайын кызматтар менен, финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана чет мамлекеттик башка компетенттүү органдар жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну чыңдоо жана кызматташуунун натыйжалуу формаларын өнүктүрүү;
17) жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында камтылган маселелердин чечилишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
18) мамлекеттик органдардын иш-милдеттеринин бир бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга, ошондой эле башка мамлекеттик эмес уюмдарга берүү;
19) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөй адистерди тартуу;
20) коррупциянын себептерин четтетүү боюнча чараларды көрбөгөнү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу;
21) мамлекеттик органдардын, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызматчыларынын администрациялык жана кызматтык нускамаларда, башка ченемдик укуктук актыларда чагылдырылуусу тийиш болгон иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу жана конкреттештирүү.
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203753/st-8" title="8-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>