9-берене. Коррупциялык укук бузууларды жасоого карата тартуу максатындагы кайрылуулар тууралуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кабарлоо милдети
Күчүн жоготкон · 13.02.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 октября 2016 года № 169
1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кайсы бир адамдардын ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган бардык учурлар тууралуу жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу органга же башка мамлекеттик органдарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
2. Ал фактылар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан учурларды кошпогондо, коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатындагы кайрылуулар жөнүндө кабарлоо мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын кызмат орундук (кызматтык) милдети болуп саналат.
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кызмат орундук (кызматтык) милдеттерди аткарылбашы, аны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат.
4. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында ага кайрылган фактылар жөнүндө, башка мамлекеттик жарандык кызматчылар же муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык укук бузуулар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматты бербеген же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматты берген фактылар жөнүндө жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына же башка мамлекеттик органдарга билдирген мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда турат.
5. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болуусунун бардык мүмкүндүктөрүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болгону жөнүндө же анын пайда болуу мүмкүндүгү ага белгилүү болоор замат өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
7. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчыда кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык пайда болгону жөнүндө белгилүү болуп калса, жалдоочунун өкүлү, кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу же жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу же жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болуп саналган мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын кызматтык абалын белгиленген тартипте кызмат орундук (кызматтык) милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жана (же) анын кызыкчылыктардын кагылышынын себеби болуп саналган пайдадан баш тартуусуна чейин кызмат ордунун же кызмат абалынын өзгөрүшүндө турушу мүмкүн.
9. Кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болуп саналган мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чаралар кабыл алынбаганы мамлекеттик же муниципалдык кызматчыны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат.
10. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчы баалуу кагаздарга, акцияларга (уюмдардын уставдык (чогултуу) капиталындагы катышуу үлүшүнө, пайларына) ээлик кылса, ал кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу максатында өзүнө тиешелүү болгон (уюмдардын уставдык (чогултуу) капиталындагы катышуу үлүшүнө, пайларына) баалуу кагаздарды, акцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызмат ээлеген кызматкерлер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлүүчү башка юридикалык жактардын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде өзүнчө кызмат ээлеген кызматкерлер, ушул Мыйзамдын 9-11-беренелерине ылайык кайсы бир адамдар ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган учурлар жөнүндө кабарлоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлүүчү юридикалык жактардын ченемдик актыларында аныкталган тартипте кызыкчылыктардын кагылышын кандай болбосун мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Эскертүү. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчыда материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды кызматтын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы жеке жана юридикалык жактарга берүүсүнүн максатында тигил же бул жосундарды жасоого чечкиндүүлүгүн козутуу коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу деп түшүнүлөт. (КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"Редакцияларды салыштыруу
21.10.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартуу максатында ага кайрылган фактылар жөнүндө, башка мамлекеттик кошулду: жарандык кызматчылар же муниципалдык кызматчылар тарабынан кошулду: жасалган коррупциялык укук алынып салынды: бузуулар жасалган фактылар жөнүндө, киреше, мүлк жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенме жөнүндө кошулду: бузуулар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматты алынып салынды: бербегени кошулду: бербеген же алынып салынды: атайылап туура кошулду: билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматты алынып салынды: бергени кошулду: берген фактылар жөнүндө жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура алынып салынды: органына кошулду: органдарына же башка мамлекеттик органдарга алынып салынды: кайрылган кошулду: билдирген мамлекеттик кошулду: жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык … козутуу коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу деп түшүнүлөт.
кошулду: (КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203753/st-9" title="9-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>