Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-берене. Коррупцияны алдын алуу боюнча чаралар
Күчүн жоготкон · 13.02.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 октября 2016 года № 169
Коррупцияны алдын алуу төмөнкү негизги чараларды колдонуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу;
2) ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы;
3) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка органдарда, мыйзамда айрым мамлекеттик же башка ачык ыйгарым укуктар берилген уюмдарда табылган бузууларды алдын алуу жана алардын себептерин четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу максатында кварталына бир жолудан кем эмес ченемдик укуктук актыларды жараксыз, көрсөтүлгөн органдардын, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин же аракеттерин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин натыйжалары боюнча укук колдонуу тажрыйбасынын маселелерин кароо;
4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызматтарын ээлөөгө талапкер жарандарга карата квалификациялык талаптарды мыйзамда белгиленген тартипте коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарандар тарабынан берилген маалыматтарды белгиленген тартипте текшерүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик жарандык кызмат же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамды мамлекеттик жарандык кызматтан же муниципалдык кызматтан ээлеген ордунан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө;
6) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр кызматынын тажрыйбасына аларга ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин узак, кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгына ылайык аны жогору турган кызматка дайындоодо, ага атайын наам, класстык чен, дипломатиялык ранг ыйгарууда же аны сыйлоодо милдеттүү түрдө эске алына турган эрежелерди киргизүү;
7) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына коомдук жана парламенттик көзөмөлдөө институттарын өнүктүрүү.
(КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"Редакцияларды салыштыруу
21.10.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тарабынан берилген маалыматтарды белгиленген тартипте текшерүү;
5) алынып салынды: өз кирешелери, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени алынып салынды: үчүн, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешеси, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө билип туруп жалган маалымат бергени үчүн, кошулду: үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик кошулду: жарандык кызмат же муниципалдык алынып салынды: кызматты кошулду: кызмат ордун ээлеген адамды алынып салынды: кызматынан бошотуу, мамлекеттик кошулду: жарандык кызматтан же муниципалдык кошулду: кызматтан ээлеген алынып салынды: кызматынан четтетүү кошулду: ордунан бошотуу үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын … коомдук жана парламенттик көзөмөлдөө институттарын өнүктүрүү.
кошулду: (КР 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203753/st-7" title="7-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>