6-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн уюштуруучулук негиздери
Күчүн жоготкон · 13.02.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 13 февраля 2026 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын курамында консультациялык-кеңеш берүүчү органдар (мындан ары - коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар) түзүлүшү мүмкүн. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен ишке ашырылат. Коррупциялык укук бузуулар жасалганы жөнүндө маалыматтарды алганда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар аларды мындай маалыматтарды текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берет.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кароону жана кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткаруу бийлик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышын көзөмөлдөйт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органдарынын ортосунда негизги иш-милдеттерди жана милдеттерди бөлүштүрөт.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча ишин координациялайт, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы коррупциянын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, улуттук коопсуздукка коррупциядан келип чыккан коркунучтардын даражасына баа берет, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизет, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет-ресурстар аркылуу калк арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук пропаганданы, билимдердин кеңейишин жана таралышын жүзөгө ашырат.
6. Укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жөнүндө же жөнгө салуу жөнүндө талаптар сакталбаганы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттердин аткарылбаганы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган фактыларды прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.02.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечимдери менен ишке ашырылат.
Коррупциялык укук бузуулар жасалганы … чектеринде аткарылышын көзөмөлдөйт.
3. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик … кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № алынып салынды: 46 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 46, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 4995-V "2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө" токтомуПостановление · 16.04.2015 · № 4995-V
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдын 12-ноябры ПЖ № 215 "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө"Указ · 12.11.2013 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ № 215 Жарлыгы мененбекитилген "Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо…Положение · 12.11.2013 · № 215 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203753/st-6" title="6-берене - Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>