Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-статья. Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же
Күчүн жоготкон · 22.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
ага чек коюу
Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же ага чек коюу табигый мүнөздөгү шарттар түзүлгөндө, жол-климат абалына же оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу, ошондой эле автомобиль жолдорунда түзүлгөн абал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына жооп бербеген учурларда гана жүргүзүлөт. Жол кыймылына чек коюу же аны токтотуу тууралуу чечим канчага чейин күчүндө тураары көрсөтүлүп, төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:
- эл аралык жолдордо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жергиликтүү маанидеги жолдордо - транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик бийликтин областтык органдары;
- ведомстволук жолдордо - тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол ээлери;
- жеке менчик автомобиль жолдорунда - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол менчик ээлери;
- муниципалдык жолдордо - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары.
Кечиктирилгис учурларда транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолду пайдалануу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурганда же чоң жүк ташыган технологиялык транспорттун кыймылы жолдо транспорт кыймылына кыйынчылык келтиргенде, жолдун айрым участокторунда жол кыймылына тыюу сала алат же чектөө кое алат.
Берененин тексти 22.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203746/st-22" title="22-статья - "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>