Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 22.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьяны кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" жана "жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "Көпчүлүк пайдалануучу" жана "көпчүлүк пайдалануучу" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "Жалпы пайдалануудагы" жана "жалпы пайдалануудагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-статьянын 2 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 3-статьянын 1-бөлүгүндө "жол кыймылынын эрежелери, мамлекеттик стандарттар жана башка ченемдик документтер" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жеке менчик автомобиль жолдору
Жеке менчик автомобиль жолдору:
- юридикалык же жеке жактар тарабынан курулат жана алардын менчиги болуп саналат;
- менчик ээсинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кызмат кылат.
Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан оң корутунду берилгенден кийин алардын менчик ээлеринин же ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин бардык автомобиль жолдору мамлекеттин менчиги болуп саналат.".
7. 13-статьяда:
6-бөлүгүндө: алтынчы абзацындагы "бирдиктүү стандарттардын жана ченемдердин негизинде" деген сөздөр алып салынсын; жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана контролдо болуусу;"; 7-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;"; статья төмөнкүдөй редакциядагы 8-бөлүк менен толукталсын: "Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун мамлекеттик планын иштеп чыгат, ошондой эле республиканын автомобиль жолдорун оңдоп куруу, реабилитациялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт.".
8. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Жол органдарынын, автомобиль жолдорунун ведомстволук ээлеринин жана муниципалдык, жеке менчик ээлеринин милдеттери
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору карамагында турган жол органдары, ведомстволук автомобиль жолдорунун ээлери жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлери ал жолдорду эл чарбасынын жана калктын ташуу иштерине болгон муктаждыктарына жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп бергидей абалда кармоого, алардын тармактарын көрктөндүрүп, сарамжал өнүктүрүүнү камсыз кылууга, бул иштер үчүн бөлүнгөн каржылоо каражаттарын максатка ылайык пайдаланууга милдеттүү.".
9. 18-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана коргоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан аныкталат."; 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
10. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүүнүн тартиби
Автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгон учурда гана жол берилет. Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өткөндүгү үчүн бул каражаттардын ээлеринен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын жыйым алынат, анын максаттуу багыты болот жана автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун жабуудан бошотпойт. Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу жана бөлүштүрүү тартиби, ошондой эле жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ош - Бишкек автомобиль жолу боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү мамлекет үчүн өзгөчө учурларда гана жол берилет. Калган учурларда жол берилбейт. Мындай уруксат жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.".
11. 21-23-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөмө жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдар
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөмө жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн кошумча каражат ошол транспорт каражаттарынын ээлеринен алынат. Алуунун тартиби жана эрежелери тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
Берененин тексти 22.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203746/st-1" title="1-берене - "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>