23-статья. Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесин
Күчүн жоготкон · 22.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
эксплуатациялоонун тартиби
Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө жол тилкесин, бөлгүч тилкени жана контролдоочу зонаны камтыйт, булар автомобиль жолдоруна туруктуу же убактылуу пайдаланууга, асыресе жол органдары тарабынан ижара шартында автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле жол-эксплуатациялык кызматтын кадимкидей иштешин камсыз кылууга зарыл имараттарды жана курулмаларды салууга берилет. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүлүп берилүүгө жатпайт. Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоордук документациянын, стандарттардын, ченемдердин жана автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү эрежелеринин жана жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарынын негизинде аныкталат. Автомобиль жолдорунун жерлеринде белгиленген тартипти бузуу менен тургузулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана орун жайлар турган бул жерлерди пайдалануу мыйзамсыз деп таанылат, автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте ээнбаш курууну жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен жок кылынууга жатат. Автомобиль жолдорунун жерлери белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат. Автомобиль жолдорунун жерлери:
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунуку - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында турат;
- ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунуку - алардын ээлеринин карамагында турат;
- калктуу конуштарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын карамагында турат.
Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесинин жерлери жол сервисин өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана тейлөөчү жол комплексин жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун бөлгүч зонасында, контролдонуучу зонасында жана жол тилкесинде жол боюндагы сервис объектилерин өнүктүрүүнүн, жайгаштыруунун жана көрктөндүрүүнүн башкы схемасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат. Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун контролдонуучу зонасындагы жана бөлгүч тилкесиндеги бөлгүч тилкенин жер участоктору бөлүнүп берилбейт, объекттерди курууга тыюу салынат. Автомобиль жол жерлерин ээнбаш пайдаланылса, бул иш жолдорду мыйзамсыз пайдалануу учурундагы жумшалган өндүрүштүк чыгымдардын орду төлөнүп берилбестен токтотулат.".
12. 28-статьянын 2-бөлүгүндө "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 32-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү ", техникалык ченемдер менен стандарттарга" деген сөздөр алып салынсын; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Автомобиль жолдорун жана темир жол өтмөктөрүн оңдоонун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат."; 6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 33-статьяда:
1-бөлүгүндө "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 37-статьяда:
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүгүндө "тиешелүү мыйзамдарды" деген сөздөр "тиешелүү ченемдик укуктук актыларды" деген сөз менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 22.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203746/st-23" title="23-статья - "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>