Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-октябры № 750 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2005-жыл, № 7, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-статьясынын 4-пунктунда "аталган жубайларды баланын ата-энеси деп каттоого баланы тууган (карын эненин) аялдын макулдугун алган" деген сөздөр "баланы боюнча көтөрүү максатында урукту көчүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 41-статьяда "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын-ала каралган учурларда," деген сөздөр жана "(мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр алып салынсын.
3. 42-44 статьяларда, 46-статьянын 2-пунктунда, 47-статьяда "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 43-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 130-статьясында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-статьясында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-жыл, № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: преамбулада ", ошондой эле ата-энелеринин камкорчулугунан ажыраган балдарды үйбүлөгө жайгаштыруунун түрлөрү менен тартибин аныктайт" деген сөздөр алып салынсын. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
Киргизилип жаткан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору мыйзамдарды "Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-майындагы №54 Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 кодексинин 104-беренесине ылайык келтирүү жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бала асырап алууну мамлекеттик каттоого тиешелүү V главага өзгөртүү киргизилет, анда "жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы, ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "сот" деген сөздөр менен алмаштырылат. Ошондой эле карын энеге тиешелүү ченемдер Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 54-статьясынын 4-пунктуна ылайык келтирилет. Ата-эненин багуусу жок калган балдарды үй-бүлөгө жайгаштыруу формалары жана тартиби Балдар жөнүндө кодекстин жаны редакциясы менен жөнгө салынат, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин преамбуласы да ылайык келтирилет. Киргизилип жаткан долбоорду кабыл алуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кошумча чыгымдарга алып келбейт. Бул долбоор коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча бул долбоорго сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.
Министр
К.Султанов
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| 1. "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | |
|---|---|
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
| 16-статья. Баланын туулгандыгы тууралу арыз 4. Башка аялга баланы боюнда көтөрүү максаттарында урукту көчүрүүгө макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын туулгандыгынын фактысынын тууралыгын тастыктаган документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген жана аталган жубайларды баланын ата-энеси деп каттоого баланы тууган (карын эненин) аялдын макулдугун алган фактыны тастыктаган документ сунуш кылынууга тийиш. | Статья 16. Заявление о рождении ребенка 4. Башка аялга баланы боюнда көтөрүү максаттарында урукту көчүрүүгө макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын туулгандыгынын фактысынын тууралыгын тастыктаган документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген жана УРУКТУ КӨТӨРҮҮ МАКСАТЫНДА АНЫ КӨЧҮРҮҮ фактысын тастыктаган документ сунуш кылынууга тийиш. |
| 41-статья. Баланы (кызды) асырап алууну мамлекеттик каттоо үчүн негиз Баланы же кызды асырап ачууну (мындан ары - асырап алуу) мамлекеттик каттоо үчүн баланы асырап алуу жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын-ала каралган учурларда, соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) негиз болуп саналат. | 41-статья. Баланы (кызды) асырап алууну мамлекеттик каттоо үчүн негиз Баланы же кызды асырап алууну (мындан ары - асырап алуу) мамлекеттик каттоо үчүн БАЛАНЫ АСЫРАП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ СОТТУН МЫЙЗАМДУУ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЧЕЧИМИ НЕГИЗ БОЛУП САНАЛАТ. |
| 42-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоочу жер Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими чыгарылган жердеги же асырап алуучулар (асырап алуучу) жашаган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. | 42-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоочу жер Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуу жөнүндө СОТТУН чечими чыгарылган жердеги же асырап алуучулар (асырап алуучу) жашаган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. |
| 43-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз 1. Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет. Арыз менен бирге эле асырап алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгын ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө башка адамдарга жазуу жүзүндө ыйгарым укук берүүгө укуктуу. 2. Эгерде асырап алуучулар (асырап алуучу) же алар ыйгарым укук берген адамдар бала асырап алынган күндөн тартып бир айдын ичинде мындай арыз бербесе, асырап алуу Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 130-статьясында белгиленген тартипте, асырап алууну белгилөө жөнүндө жарандык абалдын актыларын жазуу органына келип түшкөн чечиминин негизинде катталат. | 43-статья. Асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз 1. Асырап алууну мамлекеттик каттоо асырап алуучулардын (асырап алуучунун) арызы боюнча жүргүзүлөт. Арыз жазуу жүзүндө берилет. Арыз менен бирге эле асырап алуу жөнүндө СОТТУН чечими берилүүгө жана асырап алуучулардын (асырап алуучунун) инсандыгы ырастаган документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Асырап алуучулар (асырап алуучу) асырап алууну мамлекеттик каттоо жөнүндө арыз берүүгө башка адамдарга жазуу жүзүндө ыйгарым укук берүүгө укуктуу. 2. Эгерде асырап алуучулар (асырап алуучу) же алар ыйгарым укук берген адамдар бала асырап алынган күндөн тартын бир айдын ичинде мындай арыз бербесе, асырап алуу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИНИН 145-СТАТЬЯСЫНДА белгиленген тартипте, жарандык абалдын актыларын жазуу органына келип түшкөн асырап алууну белгилөө жөнүндө СОТТУН чечиминин негизинде катталат. |
| 44-статья. Асырап алуу акт жазуусунун мазмуну 1. Асырап алуу жөнүндө акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет: - асырап алууну белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин реквизиттери; - асырап алуу жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру. 2. Эгерде асырап белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча асырап алуучулар (асырап алуучу) анын ата-энеси (атасы же энеси) деп жазылса, мындан маалыматтар асырап алуу тууралу акт жазуусуна киргизилет. | 44-статья. Асырап алуу акт жазуусунун мазмуну 1. Асырап алуу жөнүндө акт жазуусуна төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет: - асырап алууну белгилөө жөнүндө СОТТУН чечиминин реквизиттери; - асырап алуу жөнүндө берилген күбөлүктүн сериясы жана номуру. 2. Эгерде асырап алууну белгилөө СОТТУН чечими боюнча асырап алуучулар (асырап алуучу) анын ата-энеси (атасы же энеси) деп жазылса, мындай маалыматтар асырап алуу тууралу акт жазуусуна киргизилет. |
| 46-статья. Асырап алууга байланыштуу туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусун өзгөртүү 2. Асырап алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде баланын туулган жери өзгөртүлгөн учурда асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу боюнча соттун чечиминде көрсөтүлгөн бала туулган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын туулгандыгы тууралу жаңы жазылган акт түзүлүшү мүмкүн. Баланын туулгандыгы жөнүндө жаңы жазылган актынын түзүлүшү тууралу маалыматтар анын туулгандыгы жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга киргизилет. | 46-статья. Асырап алууга байланыштуу туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусун өзгөртүү 2. Асырап алуу жөнүндө СОТТУН чечиминин негизинде баланын туулган жери өзгөртүлгөн учурда асырап алуучулардын (асырап алуучунун) каалоосу боюнча соттун чечиминде көрсөтүлгөн бала туулган жердеги жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан баланын туулгандыгы тууралу жаңы жазылган акт түзүлүшү мүмкүн. Баланын туулгандыгы жөнүндө жаны жазылган актынын түзүлүшү тууралу маалыматтар анын туулгандыгы жөнүндө мурда жүргүзүлгөн жазууга киргизилет. |
| 47-статья. Асырап алынган баланын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунда ата-эне (ата-эненин бирөө) тууралу маалыматтарды сактап калуу Эгерде баланын асырап алынышын белгилөө жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминде асырап алынган баланын ата-энеси тарабынан мүлктүк эмес жана мүлктүк жекече мамилелерин сактоо тууралу көрсөтүлсө, баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусунда көрсөтүлгөн атасы же энеси жөнүндө маалыматтар өзгөртүүгө жатпайт. | 47-статья. Асырап алынган баланын туулгандыгы жөнүндө акт жазуусунда ата-эне (ата-эненин бирөө) тууралу маалыматтарды сактап калуу Эгерде баланын асырап алынышын белгилөө жөнүндө соттун чечиминде асырап алынган баланын ата-энеси тарабынан мүлктүк эмес жана мүлктүк жекече мамилелерин сактоо тууралу көрсөтүлсө, баланын туулгандыгы жөнүндөгү акт жазуусунда көрсөтүлгөн атасы же энеси жөнүндө маалыматтар өзгөртүүгө жатпайт. |
| 2. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү | |
| Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык никеге туруунун, никени токтотуунун жана аны жараксыз деп табуунун шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-энелер менен балдардын (асырап алуучулардын жана асырап алынгандардын) ортосунда, ал эми үйбүлө мыйзамдарында каралган учурларда жана чектеринде башка туугандар менен бөлөк адамдардын ортосундагы жеке мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле ата-энелеринин камкорчулугунан ажыраган балдарды үйбүлөгө жайгаштыруунун түрлөрү менен тартибин аныктайт. | УШУЛ КОДЕКС КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНА ЫЛАЙЫК НИКЕГЕ ТУРУУНУН, НИКЕНИ ТОКТОТУУНУН ЖАНА АНЫ ЖАРАКСЫЗ ДЕП ТАБУУНУН ШАРТТАРЫ МЕНЕН ТАРТИБИН БЕЛГИЛЕЙТ, ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨЛӨРҮНҮН: ЖУБАЙЛАРДЫН, АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЛДАРДЫН (АСЫРАП АЛУУЧУЛАРДЫН ЖАНА АСЫРАП АЛЫНГАНДАРДЫН) ОРТОСУНДА, АЛ ЭМИ ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАН УЧУРЛАРДА ЖАНА ЧЕКТЕРИНДЕ БАШКА ТУУГАНДАР МЕНЕН БӨЛӨК АДАМДАРДЫН ОРТОСУНДАГЫ ЖЕКЕ МҮЛКТҮК ЭМЕС ЖАНА МҮЛКТҮК МАМИЛЕЛЕРДИ ЖӨНГӨ САЛАТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 31 октябрындагы № 3544-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө"…Постановление · 31.10.2013 · № 3544-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-июнунун № 3179-V"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 06.06.2013 · № 3179-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3701-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Жарандык абалдын актылары жөнүндө"…Постановление · 18.12.2013 · № 3701-V
Шилтеме берет (7)
- Үйбүлө кодексиКодекс · 30.08.2003 · № 201
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөКодекс · 10.07.2012 · № 100
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 16.07.2012 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2012 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон