20-берене. Улуттук борбордун ишинде маалыматтарды пайдалануу
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Алдын алма барууларга катышуу үчүн тартылган Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери, эксперттер өз ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде жана токтоткондон кийин, жайылтылышы эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын ишинин, аларда кармалган адамдардын жана иштеген кызматчылардын коопсуздугуна коркунуч түзгөн маалыматтарды, ошондой эле алардын ишинин натыйжасында белгилүү болуп калган жеке турмуш жөнүндө маалыматтарды, ал маалыматтар тиешелүү болгон адамдын макулдугу болбосо, таратууга укуксуз.
2. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жана Улуттук борбордун кызматкерлерине ал чынбы же жалганбы маалыматтарды бергени үчүн, эч ким жоопкерчиликке тартылышы же башкача таасир этүүгө дуушар болушу мүмкүн эмес, ошондой эле өзүнүн укуктарына жана эркиндиктерине башка мүнөздө шек келтирилиши тийиш эмес, жана ушундай бир да адамдын же уюмдун укуктарына жана эркиндиктерине кандайдыр-бир мүнөздө шек кетирилиши мүмкүн эмес.
3. Эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганына байланыштуу сунуштар, арыздар же даттануулар менен кайрылганы үчүн аларды кандай болбосун формада куугунтуктоого жол берилбейт.
4. Улуттук борбор жеке маалыматтардан алынган жалпы маалыматтарды жарыялоого, жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды жашыруун пайдаланган башка бардык маселелерге тиешелүү маалыматтарды жарыялоого укуктуу.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-20" title="20-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>