19-берене. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Улуттук борбордун кызматкерлеринин иммунитети
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңештин мүчөлөрү, Улуттук борбордун кызматкерлери ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, Координациялык кеңештин макулдугу менен сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
2. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн прокурор Координациялык кеңешке иштин жагдайы жана жосундун квалификациясы көрсөтүлгөн сунуштама киргизет, анда.
3. Координациялык кеңештин мүчөсүн, Улуттук борбордун кызматкерин жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим, эгерде ал үчүн Координациялык кеңештин кеминде 9 мүчөсү добуш берсе, сунуштама киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
4. Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери кылмыш жасоо ордунда кармалган учурлардан тышкары, өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жана ага байланыштуу Координациялык кеңештин макулдугусуз кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө жана жеке текшерүүгө кириптер кылынышы мүмкүн эмес.
Администрациялык кармоого алынган же кылмыш жасаганына шектенүү боюнча кармалган Координациялык кеңештин мүчөсү, Улуттук борбордун кызматкери анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга жатат.
5. Алар өз ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Координациялык кеңештин мүчөсүнүн, Улуттук борбордун кызматкеринин жеке жүгүнө, документтерине жана корреспонденциясына камак салууга, ошондой эле текшерүүгө жана жүгүн, документтерин жана корреспонденцияларын алып коюуга жол берилбейт.
6. Координациялык кеңештин мүчөсү болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) иммунитетинин маселелери тиешелүү мыйзамдарда жөнгө салынат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 10.07.2015 · № 477 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-19" title="19-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>