21-берене. Улуттук борбордун ишин каржылоо
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Улуттук борбордун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Жыл сайын республикалык бюджетте Улуттук борбордун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттар каралат. Улуттук борбор бюджетинин долбоорун түзөт жана макулдашуу үчүн аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберет. Пикир келишпөөчүлүктөр болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук борбордун сунушун Жогорку Кеңешке жиберилүүсү тиешелүү болгон республикалык бюджеттин долбооруна өзгөртүүсүз киргизет жана ага өз корутундусун тиркейт.
3. Улуттук борбор каражаттарды чыгымдар сметасынын чектеринде өз алдынча тескейт.
4. Каржылык отчет мыйзамда белгиленген тартипте Улуттук борбордун директору тарабынан берилет.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-21" title="21-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>