13-берене. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөт бүткөндө;
2) өз ыйгарым укуктарын алып таштоо жөнүндө кат жүзүндө арыз берүү жолу менен, милдеттерин андан ары аткаруудан ыктыярдуу баш тартканда;
3) туруктуу жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткенде;
4) соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) каза болгон учурда;
7) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке чектелүү жөндөмдүү деп таанылганда;
8) 3 ай бою жүйөлүү себептерсиз ишке катышпай койгондо;
9) эркиндигинен ажыратуу же чектөө жайларында турган адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушуна алып келген жүрүм-турум эрежелерин бузган аракеттерге жол бергенде.
2. Координациялык кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Координациялык кеңештин чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин алдында ушул берененин 1-бөлүмүнүн 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган Координациялык кеңештин мүчөсүн кайра чакыртып алууну демилгелөөгө укуктуу. Бул учурда Жогорку Кеңеш Координациялык кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу маселесин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин корутундусу болгондо, жыйналышка катышып отургандардын көпчүлүгүнүн добушу менен чечет.
4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Координациялык кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары анын Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кызматындагы ыйгарым укуктары мыйзамда белгиленген тартипте токтотулган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-13" title="13-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>