Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Координациялык кеңештин биринчи жана андан кийинки жыйналыштары
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы ал түзүлгөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышы Координациялык кеңештин жашы улуу мүчөсүнүн төрагалыгы алдында өтөт.
2. Координациялык кеңештин биринчи курамынын биринчи жыйналышында анын ишинин Регламенти бекитилет, Координациялык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланат.
3. Эгерде ага анын курамынын кеминде 7 мүчөсү катышса, Координациялык кеңештин жыйналышы укук ченемдүү болуп саналат. Эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, Координациялык кеңештин чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Координациялык кеңештин жыйналышы төраганын демилгеси боюнча айына бир жолу өткөрүлөт, ал жыйналышты өткөрүүнүн күнүн, убактысын жана ордун белгилейт. Координациялык кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер Улуттук борбор тарабынан даярдалат.
5. Кезексиз жыйналыштар Координациялык кеңештин төрагасынын, Улуттук борбордун директорунун же Координациялык кеңештин 7 мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
6. Биринчи курамдын биринчи жыйналышын кошпогондо, Улуттук борбордун директору Координациялык кеңештин баардык жыйналыштарына милдеттүү тартипте катышат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-12" title="12-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>