Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ 2012-жылдын 29-февралы №1667-V "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 25-январындагы № 54 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2012-жылга республикалык бюджеттин төмөнкү негизги параметрлерин эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын:
- республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата дүң салмагы 25,0 пайыз менен 79856064,5 миң сом жалпы суммада (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 5327323,1 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
- республикалык бюджеттин чыгымдары ИДПга карата 30,1 пайыз дүң салмагы менен 96271898,3 миң сом жалпы суммада;
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын эң жогорку өлчөмү ИДПга карата 5,1 пайыз дүң салмагы менен 16415833,8 миң сом суммасында;
алардын ичинен төмөнкүлөрдү жабууга багытталсын:
- ички булактарды - 3288140,0 миң сом;
- тышкы булактарды - 13127693,8 миң сом;
- төмөнкүлөр белгиленсин:
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 12-беренесине ылайык жалпы мамлекеттик салыктардан пландык түшүүлөрдөн 2012-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдери; 2012-жылдын аягына жана 2013-2014-жылдарга болжолдо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын жогорку чеги ИДПга карата 10,0 пайыз дүң салмак менен жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жогорку чеги ИДПга карата 50,0 пайыз дүң салмак менен; 2012-жылга республикалык бюджетте жана 2013-2014-жылдарга болжолдо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугу республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына карата 0,06 пайыз.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылга республикалык бюджетке түшүүлөрдүн туруктуулугун жана алардын пайдаланылышынын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырсын:
- 2012-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин сунуштарын "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун экинчи окуусуна карата кароону;
- аны 4900,0 млн. сомдон кем эмес сатууда 2012-жылга "Альфа Телеком" ЖАКын менчиктештирүүдөн түшүүлөрдү жана биринчи кварталдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоону;
- сынактык негизде мамлекеттик жайларды ижарага берүүнү;
- акцияларынын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордон жана мамлекеттик ишканалардан дивиденддер менен пайданын алардын 2011-жылдагы иш жүзүндө жетишилген натыйжаларына ылайык республикалык бюджетке түшүүлөрүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн тактоону;
- баалуу кагаздарды жеке адамдарга сатууну кароо менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгууну;
- республиканын аймагында казып алынган алтынды Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына сатуу (соодалоо) жөнүндө жоболорду кароону;
- республиканын укук коргоо органдарынын атайын эсептерин жокко чыгарууну;
- Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан берилген бюджеттик ссудалар боюнча бюджеттин чыгымдарын мүмкүн болушунча азайтууну жана алардын толук жана өз убагында кайтарылышын камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V Чек ара аскерлерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин курамынан чыгаруу жана республиканын өз алдынча мамлекеттик органын түзүү жөнүндө токтомунун 4-пунктунун биринчи абзацынын аткарылышын камсыз кылууну.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
4. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.К.Келдибеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.04.2012 · № 41
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 404-V "Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жакын жаткан аймактарындагы…Постановление · 29.04.2011 · № 404-V