18-берене. Жеке өнөктү тандоо жана тендерди өткөрүү
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
1. Жеке өнөктү тандоо тендерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Тендер төмөнкү үч баскычтан турат:
1) алдын ала тандоо;
2) жеңүүчүнү тандоо;
3) МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү.
2. Баштапкы тандоо баскычында тендердик комиссия жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында баштапкы тандоого катышууга чакырууну жарыялайт. Чакыруунун тексти тендердин катышуучуларына МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча тендерге катышуу үчүн өзүнүн каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо мүмкүндүгүн берүүчү баштапкы тандоонун талаптарын камтууга тийиш. Чакыруунун тексти мамлекеттик жана расмий тилдерде жана зарыл болгондо, мамлекеттик өнөктүн чечимине ылайык чет тилдерде жарыяланат. Тендердик комиссия чакыруу жарыяланган күндөн тартып тендерди өткөрүүнүн эрежелеринин жана тендердик документтердин ачык жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Баштапкы тандоого катышууга арыздарды жыйноо тендерге катышууга чакыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тендердик комиссия баштапкы тандоого катышуучу тендердин ар бир катышуучусунун квалификациясын 15 календардык күндүн ичинде баалайт. Баалоону өткөрүүнүн натыйжалары боюнча тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакыруу жиберет. Баштапкы тандоодон өткөн катышуучулардын саны экиден кем болбоого тийиш. Башка учурда тендер болгон жок деп таанылууга тийиш. Баштапкы тандоо баскычында алынган маалыматты эске алуу менен тендердик документтерди жана МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды кайрадан карап чыгууга жол берилет.
3. Жеңүүчүнү тандоо баскычында тендердик комиссия баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендердик документтерди берет.
Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун мамлекеттик өнөк үчүн айрыкча ылайыктуу жолун талкуулоо жана тандоо үчүн баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу. Бул сүйлөшүүлөрдүн убагында тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын бири экинчисин басмырлашына жана артыкчылыктарды алышына жол бербөө максатында баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучуларынын бардыгы үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш. Өзгөртүлгөн тендердик документтер ал тендердик комиссия тарабынан бекитилгенден кийин гана баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышууларынын бардыгына маалымдалууга тийиш. Тендердик документтердеги бардык өзгөртүүлөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө жатат. Баштапкы тандоодон өткөн тендердин катышуучулары өздөрүнүн тендердик сунуштарын МЖӨ долбоорунун татаалдыгын эске алуу менен, тендердик комиссия белгилеген мөөнөттө берүүгө тийиш. Тендердик сунуштарды берүү мөөнөтү тендердин жеңүүчүсүн тандоого катышууга чакырууну алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кем болушу мүмкүн эмес. Тендердик комиссия тендердин катышуучуларынын тендердик сунуштарын баалоону тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок акыркы сунуш келип түшкөн күндөн тартып 60 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзөт. Тендердик сунуштар эки этапта бааланат:
- биринчи этап тендерге катышуучулардын тендердик сунуштарынын долбоорго карата коюлуучу минималдык талаптарга ылайыктуулугу бааланат. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген тендердик сунуштар четке кагылат;
- экинчи этапта тендердик сунуштар тендердик документтерде белгиленген социалдык жана каржылык-экономикалык критерийлерге ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорунун негизги жоболору менен тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык жарыялайт. Тендердин угулуп калган катышуучулары жазуу жүзүндө арыздарды берүү жолу менен алардын тендердик сунуштарынан баш тартуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө талап кылууга укуктуу. Мамлекеттик өнөк жеке өнөктүн талабы боюнча баш тартуунун себептери жөнүндө ага 3 жумушчу күндүн ичинде маалымдоого тийиш. Тендердин катышуучуларынын тендердик комиссияга берген бардык документтери жана маалыматтары купуя болуп саналат. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендердин башка катышуучуларын кошуп алганда, үчүнчү жактарга берүүгө же ушул документтерди (алардын көчүрмөлөрүн) же маалыматтарды тендер өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган сунуштарды баалоодон башка максаттарда пайдаланууга тыюу салынат. Тендердик документтерди даярдоонун тартиби ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
4. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган датадан тартып 60 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш.
Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, МЖӨ долбоорун каржылоо жөнүндө каржылык мекеме менен келишимди жол-жоболоштурууну бүткөрүү үчүн жеке өнөккө тендердин жеңүүчүсү жөнүндө кулактандыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялангандан тартып 120 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө берилүүгө тийиш. Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралган мөөнөт аяктаганча тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген жеке өнөктү тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу. Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү жарыяланган учурда мамлекеттик өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүдөн бир тараптуу тартипте баш тартууга укуксуз, ал эми тендердик комиссия тендердик комиссия тарабынан арыз берүүчү берген маалыматтын документтик ырасталган чындыкка туура келбестиги табылган учурду кошпогондо, өткөрүлгөн тендердин натыйжаларын жокко чыгарууга укуксуз. (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>