19-берене. МЖӨ долбоорунун мониторинги жана ишке ашырылышын баалоо
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылуучу МЖӨ долбоорунун мониторингин жана баалоону өзүнө камтыйт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган да МЖӨ долбоорунун мониторингин жана ишке ашырылышын баалоону жүзөгө ашырат.
2. Жеке өнөк же долбоорлоо компаниясы ар жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен мамлекеттик өнөккө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө отчётту жана мурунку жыл үчүн каржылык отчётту берип турууга милдеттүү. Эгерде МЖӨ долбоорунун аткарылышы жөнүндө ар жылдык отчёт долбоордун компаниясы тарабынан берилсе, ал жеке өнөк тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш. Ар жылдык каржылык отчёт көз каранды эмес аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.
3. Мониторингдин жана баалоонун тартиби ушул Мыйзам, МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.
(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтү 2014-жылдын 29-августундагы № З6З-б ("Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 29.08.2014 · № 363-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>