17-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
1. МЖӨ долбоорун даярдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) МЖӨ долбооруна карата талаптарды аныктоону жана аны ишке ашырууда каржылык, социалдык, экономикалык натыйжаларды жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоону;
2) тендерди өткөрүү эрежелерин, тандоо критерийлерин, тендердик документтерди даярдоону, анын ичинде болжолдонуучу натыйжаларды жана каржылоо механизмдерин баяндоону. МЖӨ долбоорун даярдоо баскычында тендердик документтердин пакети тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Тендердик документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бааларды, төлөмдөрдү, тарифтерди, лицензияларды жана уруксаттарды кошуп алганда МЖӨ долбоору жөнүндө маалыматты, ошондой эле мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилүүчү зарыл болгон атайын талаптарды;
- мамлекеттик каржылык жана/же экономикалык колдоо жөнүндө толук маалыматты;
- тендерди өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;
- МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун;
- мамлекеттик жана жеке өнөктүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин;
- мамлекеттик өнөк тарабынан кошумча бекитилүүчү башка маалыматтарды;
3) мамлекеттик өнөк тарабынан тендердик комиссияны түзүүнү. Тендердик комиссия МЖӨ ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так жана беш адамдан кем болбоого тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана каржы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.
Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү квалификациялык талаптар коюлушу мүмкүн. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктарынын карама-каршылыгы болбоого тийиш. Тендердик комиссияны түзүү, бекитүү, иш тартиби жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2. МЖӨ долбоорун даярдоо көз карандысыз консультанттарды тартуу укугуна ээ болгон мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. МЖӨ долбоорун стратегиялык объекттерде ишке ашырууда мамлекеттик өнөк Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамдарды да жетекчиликке алат.
4. Ушул беренеде белгиленген бардык керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин, мамлекеттик өнөк жеке өнөктү тандоо баскычына өтөт.
(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>