16-берене. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
16-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 16-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. МЖӨ долбоорун издөө жана демилгелөө МЖӨ өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, айрым аймактык бирдиктерди өнүктүрүүнүн башка программаларын жана пландарын эске алуу менен мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун демилгелөө процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) тандалып алынган инфратүзүм объектине МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин, долбоорго карата минималдык талаптарды, мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоону жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн түрлөрүн жана шарттарын, ошондой эле МЖӨ чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган башка документтерди камтыган потенциалдуу долбоорду алдын-ала баалоонун мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалышын;
2) демилгеленген МЖӨ долбоору мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бергендигинин негиздемесин.
3. Демилгеленген МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
МЖӨ долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден кийин, мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт. (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б (Мамлекеттик-жеке өнөктѳштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында төмөнкүдөй бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча мамлекеттик…Распоряжение · 01.12.2016 · № 517-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-июнундагы № 232-б (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Коопсуз шаар" жана "Электрондук ККК"…Распоряжение · 20.06.2014 · № 232-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7- августундагы № 321-б (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Коопсуз шаар» жана «Электрондук ККК» долбоорлордун демилгеленүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 07.08.2014 · № 321-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 58-б (Мамлекеттик жеке өнөктүштүк алкагында мамлекеттик өнөктөш катары аныктоо жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 27.02.2015 · № 58-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>