Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик жеке өнөктүштүк алкагында мамлекеттик өнөктөш катары аныктоо жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 1 декабря 2016 года № 517-р ( Об определении в рамках государственно-частного партнерства (далее - ГЧП) в качестве государственного партнера Государственную таможенную службу при Правительстве Кыргызской Республики по строительству таможенно-логистических комплексов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-01.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 27-февралы № 58-б Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жактарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган заманбап инфратүзүмдү түзүү, республиканын чек ара жанындагы райондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында мамлекеттик өнөктөш катары төмөнкүлөр аныкталсын:
Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынан 39 км, "Торугарт" өткөрмө пунктунан ПО км алыстыктагы "Аэропорт" жергесинде бажы-логистикалык комплексти куруу боюнча;
- Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы - "Эркеч-Там" өткөрмө пунктунан 60 км алыстыктагы Сары-Таш айылынын аймагында бажы-логистикалык комплексти куруу боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- МЖӨнүн алкагында бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча жогоруда аталган долбоорлорду демилгелөө үчүн мыйзамдарда талап кылынган жол-жоболорду аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жана, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундуларын эске алуу менен жогоруда аталган долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан МЖӨнүн алкагында жогоруда аталган долбоорлорду демилгелөө жөнүндө даярдалган сунуштарына экспертиза жүргүзсүн жана бир жумалык мөөнөттө өзүнүн корутундусун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына жана Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясына МЖӨнүн алкагында жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруудагы тобокелдиктер жөнүндө корутундуну белгиленген тартипте берсин,
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б (Мамлекеттик-жеке өнөктѳштүктүн (мындан ары - МЖӨ) алкагында төмөнкүдөй бажы-логистикалык комплекстерди куруу боюнча мамлекеттик…Распоряжение · 01.12.2016 · № 517-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон