13-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;
2) лицензияларды, уруксаттарды, макулдашууларды алууга көмөктөшүү;
3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объекттерине сервитут берүү;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган иштердин башка түрлөрүнөн тариф жыйноо жана кирешелерди алуу укугун берүү;
5) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүнүн жеңилдетилген ставкаларын белгилөө;
6) МЖӨ жөнүндө түзүлгөн макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке өзгөчө укук берүү;
7) мамлекеттик өнөктүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген колдоолорунун башка түрлөрүндө.
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>