14-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
МЖӨ долбоорундагы жеке өнөккө жана долбоорлоо компаниясына жеке инвестицияларды коргоого кепилдик берүү максатында төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын экономикалык ишине мамлекеттик өнөктүн кийлигишпөөсү;
- жеке өнөктүн жана долбоорлоо компаниясынын мүлкүн улутташтыруудан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка эквиваленттик чаралардан корголуусу;
- МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга жана алардан алынган
кирешелерге жана пайдаларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда эркин ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын башка кандай гана болбосун чет элдик валютага эркин алмаштыруу жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында алынган валютаны эркин алып кетүү укугу;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык органдардын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына келтирилген зыяндын ордун МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык толтуртуу укугу;
- МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарда салыштырмалуу жеке өнөк жана же долбоорлоо компаниясы тарабынан МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун шарттарынын начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын кайра кароо же МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуу жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу.
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>