12-берене. Мамлекеттик каржылык колдоо
Күчүн жоготкон · 22.07.2019 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 июля 2019 года № 95.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июня 2016 года № 88
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик каржылык колдоо республикалык жана/же муниципалдык бюджеттин каражаттарынын, атайын фонддордун каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен берилиши мүмкүн.
3. Мамлекеттик каржылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоорлоо компаниясына төмөнкүдөй түрлөрдө берилиши мүмкүн:
1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон зайымдарды жеңилдетилген шарттарда берүү;
2) кредиттик кепилдиктерин берүү;
3) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин аткарылышынын кепилдиктерин берүү;
4) тарифтик субсидияларды берүү;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттардын бир бөлүгүнө каржы берүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү берүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү берүү;
8) анын каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.
(КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июня 2016 года № 88 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственно-частном партнерстве в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
22.06.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн зарыл болгон зайымдарды жеңилдетилген шарттарда берүү;
2) алынып салынды: банк кошулду: кредиттик кепилдиктерин берүү;
3) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелерин … жана/же кийинкиге калтырууларды жана/же бөлүп-бөлүп төлөөлөрдү кошулду: берүү;
8) анын каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорунун минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкалардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата кепилдиктерди берүү.
кошулду: (КР 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203607/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>