28-берене. Радиациялык коопсуздуктун абалын баалоо жана иондуу
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 7-глава
нурлануу булактарын колдонуучу уюмдарды рентгендик-радиологиялык паспорттоштуруу
1. Уюмдагы радиациялык коопсуздуктун абалы төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча бааланууга тийиш:
- персоналдын нурлануу дозалары;
- нурлануунун белгиленген дозаларынын чектеринен ашыкча нурланууга кабылган адамдардын саны;
- радиациялык авариялардын кесепетинен нурдан жабыркаган адамдардын саны;
- мүмкүн болуучу радиациялык кырсыктарды жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыктын даражасы;
- курчап турган чөйрөнүн радиациялык булганышынын мүнөздөмөсү;
- радиациялык коопсуздукту жана тийиштүү ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды талдоо.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы радиациялык коопсуздуктун абалы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо үчүн ар жыл сайын уюмдарды радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруу жүргүзүлөт.
3. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспорттору ушул Техникалык регламентке ылайык милдеттүү түрдө эсепке жана контролго алынууга тийиш болгон техногендик иондуу нурлануу булактарын колдонуучу бардык уюмдар тарабынан ар жыл сайын толтурулат.
4. Уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторунда келтирилген маалыматтарды талдоону, аларды мурдагы жылдардагы, ошондой эле көрсөткүчтөргө жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына салыштыруу жолу менен жүргүзүү керек.
Уюмдардын толтурулган радиациялык-гигиеналык паспорттору корутунду чыгаруу үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.
5. Саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы радиациялык-гигиеналык паспорттоштуруунун алкагында алынган маалыматтарды ар жыл сайын жалпылайт.
Радиациялык-гигиеналык паспорттордун тариздери 2-тиркемеде көрсөтүлгөн.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-28" title="28-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>