27-берене. Медициналык рентгендик изилдөөлөрдү жана дарылоо
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 6-глава
жол-жоболорун жүргүзүүдө жарандардын радиациялык коопсуздугун камсыз кылууга карата коюлуучу талаптар
1. Бейтаптардын жана калктын медициналык нурлануунун бардык (профилактикалык, диагностикалык, дарылоочу, изилдөөчү) түрлөрүндөгү радиациялык коопсуздугу радиациялык зыяндуулукту төмөндөтүү менен рентгендик-радиологиялык жол-жоболордун жогорку пайдалуулугуна жетишүү жолу менен камсыз кылынууга тийиш.
2. Жарандарды профилактикалык рентгендик жол-жоболордон өткөрүү тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Аскер кызматкерлерин профилактикалык изилдөөнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Илимий медициналык маалымат алуу максатында адамдарды нурландыруу саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими боюнча, аларга нурлануунун мүмкүн болгон натыйжалары тууралуу маалымат берилгенден кийин изилденчүлөрдүн милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, нурлануунун белгиленген жол берилүүчү деңгээлдеринин чектеринде жүзөгө ашырылат.
4. Диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжаны алуу максаты менен бейтаптарды медициналык нурландыруу дарылоочу врачтын дайындоосу жана бейтаптын макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт. Тийиштүү процедураны жүргүзүү жөнүндө акыркы чечимди врач рентгенолог же врач радиолог кабыл алат.
5. Медицина радиациялык таасир этүүнү контролдоонун жана чектөөнүн принциптери нурлануунун мүмкүн болгон эң төмөнкү деңгээлинде зарыл диагностикалык маалыматтарды же терапиялык натыйжа алууга негизделген. Мында дозалардын чектери белгиленбейт, бирок радиологиялык медициналык жол-жоболорду дайындоону негиздөө жана бейтаптарды коргоо чараларын оптималдаштыруу принциптери колдонулат.
6. Медициналык радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүдө бейтаптардын нурлануу дозалары тийиштүү техникалык регламентте белгиленген деңгээлдерден ашпоосу тийиш.
7. Медициналык диагностикалык нурландыруу медициналык көрсөткүчтөр боюнча диагностиканын башка альтернативдик усулдарды жок же колдонууга болбогон, же жетиштүү маалыматсыз болгон учурларда жүзөгө ашырылат.
Нур диагностиканын жана терапиянын бардык колдонулуучу усулдары саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Усулдардын сыпаттап жазылышында жол-жоболорду аткаруунун оптималдуу режимдери жана аларды аткарууда бейтаптын нурлануусунун деңгээлдери көрсөтүлүүсү зарыл.
8. Нур терапиясын жүргүзүүдө бейтапта нурдан улам татаалдашууну болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүүсү тийиш.
9. Кош бойлуу аялдардын организмине радионуклиддерди киргизүү менен нур терапиясын жасоого жана радионуклиддик диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
10. Кош бойлуу аялдарды рентгендик диагностикалык изилдөө түйүлдүктү сактоонун бардык зарыл ыкмаларын колдонуу менен жашоо көрсөткүчтөрү боюнча гана жүргүзүлөт.
11. Бала эмизген энелерге диагностикалоо же терапия максатында радиофармацевттик дары-дармектерди саюуда баланы эмизүү убактылуу токтотулуусу тийиш. Эмизүүнү токтотуу мөөнөтү сайылган дары-дармектердин түрүнө жана санына жараша болот жана өзүнчө нускамалар менен аныкталат.
12. Ренттендик-радиологиялык медициналык изилдөөлөрдү жана нурлануу терапиясы үчүн саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан катталган Кыргыз Республикасында медициналык колдоонуу үчүн медициналык буюмдардын реестрине киргизилген жана санитардык-эмидемиологиялык корутундусу бар аппаратура колдонулат.
13. Нур терапиясы жана диагностика бөлүмдөрү (бөлүмчөлөрү) радиациялык дарылоо-диагностикалык жол-жоболорду аткарууда коргоонун көчмө жана жеке каражаттарынын милдетүү топтомуна жана бейтап жана персонал үчүн жеке дозиметрлерге ээ болуулары жана колдонуулары керек.
14. Ар түрдүү рентгендик-радиологиялык бөлүмдөрдө жана кабинеттерде бейтапты жана персоналды коргоонун табелдик каражаттарынын топтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
15. Нур диагностикасында жана терапияда фармакологиялык радиопротекторлорду пайдаланууга саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык корутундусу болгондо уруксат берилет.
16. Рентгендик-радиологиялык медициналык диагностикалык жана терапиялык бөлүмчөлөрдүн персоналынын атайын даярдыгы болууга тийиш.
17. Рентгендик-радиологиялык диагностика жана терапия менен алектенишкен медициналык персонал бейтаптардын нурлануусунун жеке дозаларын мүмкүн болушунча төмөнкү деңгээлде кармоо менен аларды коргоону жүзөгө ашырышат.
18. Бейтаптын медициналык диагностикалык нурлануусунун топтолгон дозасы 0,5 Зв жеткенде, эгер нур жол-жобосу жашоо көрсөткүчтөрү боюнча зарыл болсо, анын андан ары нурлануусун чектөө боюнча чаралар кабыл алынышы керек.
19. Бейтаптын талабы боюнча ага нурлануунун күтүлгөн жана алынган дозалары тууралуу, рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду жүргүзүүнүн жана аларды жүргүзүүдөн баш тартуунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилет.
20. Бейтап эпидемиялык жактан коркунучтуу ооруларды аныктоо максаттарында жүргүзүлүүчү профилактикалык изилдөөлөрдү кошпогондо, медициналык рентгендик-радиологиялык жол-жоболордон баш тартуу укугуна ээ.
21. Медициналык персонал өзүнүн кесиптик нурлануусун азайтуу максатында бейтаптын нурлануусунун көбөйүшүнө түз же кыйыр таасир этүүгө укугу жок.
22. Рентгендик-радиологиялык жол-жоболорду аткарууда бейтаптерге (катуу оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык оорулууга, балдарга) жардам көрсөтүүчү адамдар (рентгендик-радиологиялык бөлүмдүн кызматкери болуп саналбаган) 5 мЗв/жылдан ашкан дозада нурланууга кабылбашы керек.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-27" title="27-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>