23-берене. Объекттерди долбоорлоодо, курууда жана
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 5-глава
эксплуатациялоодо коюлуучу талаптар
1. Радиациялык объекттерге долбоордук документтер долбоорлоодогу, куруудагы, реконструкциялоодогу, эксплуатациялоодогу, эксплуатациялоодон чыгаруудагы, ошондой эле кырсык учурундагы коопсуздук чараларынын негиздемесин камтуусу тийиш.
2. Радиациялык объекттерден жол берилүүчү төгүүлөрдүн жана чыгаруулардын эсеби калктын 70 жыл ичиндеги техногендик нурлануусунун натыйжалуу дозасы, эгерде ал белгиленсе, жылдык төгүү жана чыгаруу менен шартталган дозанын же дозалык квотанын белгиленген өлчөмүнөн ашпагыдай болгон талаптарга жараша жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Радиациялык объекттерди долбоорлоодо жана жумуштардын технологиялык схемасын тандоодо төмөнкүлөрдү камсыз кылуу зарыл:
- калктын жана персоналдын эң аз техногендик нурлануусун;
- операциялардын болушунча автоматташтырылышын жана механикалаштырышын;
- технологиялык процесстин жүрүшүнө автоматташтырылган жана карап турган контролду;
- өндүрүштүк радиациялык контролду;
- уусу жана зыяны кыйла аз заттарды колдонууну;
- зыяндуу факторлордун төмөнкү деңгээлин;
- радиоактивдүү заттардын минималдуу төгүлүшүн жана чыгарылышын;
- аларды убактылуу сактоонун жана кайра иштетүүнүн жөнөкөй, ишенимдүү ыктары менен радиоактивдүү калдыктардын минималдуу санын;
- технологиялык процесстин бузулганы жөнүндө автоматтык белги берилишин;
- тосмолоону.
4. Радиоактивдүү заттар менен иштөө үчүн технологиялык жабдуулар төмөнкү талаптарды канааттандыруусу тийиш:
- конструкция эксплуатациялоого ишеничтүү жана ыңгайлуу болушу, керектүү жылчыксыздыкка ээ болуусу, жабдуунун иштөөсүн башкаруунун жана контролдоонун аралыктык ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу тийиш;
- дат басууга жана радиацияга чыдамдуу, жеңил дезактивизациялануучу бекем материалдан жасалат;
- жабдуунун тышкы жана ички беттери дезактивация жүргүзүү үчүн жеңил жеткиликтүү болуусу тийиш.
5. Радиациялык объекттин долбоорунда оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруучу, техникалык жана санитардык-гигиеналык иш-чаралардын комплекси каралуусу тийиш.
6. Түбөлүгү коркунучтуу I категориядагы радиациялык объекттердин долбоордук документтеринде калктын мүмкүн болуучу көп нурлануусуна жана коргоонун зарыл чараларына баа берүү менен кырсыктын максималдуу долбоордук масштабына баа берүү камтылышы керек.
7. I категориядагы жаңы радиациялык объекттердин долбоорлоодо аларда радиациялык кырдаалды контролдоонун автоматташтырылган системасы (РККАТ) болушун алдын ала кароо зарыл.
8. Участокторду бөлүү, өндүрүштүк, турак жай жана коомдук имараттарды куруу (капиталдык оңдоо же реконструкциялоо) курулуштун бардык баскычтарында милдеттүү радиациялык контролдоо жана натыйжаларды гигиеналык баалоо менен жүзөгө ашырылуусу тийиш:
- куруунун (реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун) алдындагы долбоорлоодо долбоордун желдетүү, курулуш участогунун, курулуш материалдарынын жана чийки заттарынын радиологиялык мүнөздөмөлөрү бөлүгүндө анын гигиеналык талаптарга ылайыктуулугунун экспертизасы жүзөгө ашырылат;
- курулуш участогун тандоодо жер кыртышынын үстүндөгү радон агымынын жыштыгы жана табигый радионуклиддердин гамма-нурлануу дозаларынын күчү боюнча көрсөтүлгөн гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун контролдоо жүргүзүлөт, алардын мааниси ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуу болууга тийиш;
- курууда (реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо) курулуштун чийки заттарынын, материалдарынын жана буюмдарынын табигый радионуклиддерди камтуу боюнча гигиеналык ченемдерге ылайыктуулугун контролдоо жүргүзүлөт, алардын мааниси ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуу болууга тийиш;
- курулуш (капиталдык оңдоо же реконструкциялоо) бүткөндөн кийин эксплуатациялоого берүүдө имараттардын жана курулмалардын жайлардагы радон изотопторун жана табигый радионуклиддердин гамма-нурлануусун, ошондой эле чектеш аймактын гамма-нурлануусун камтуусу боюнча ушул Техникалык регламенттин 7-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү тийиш болгон маанисинин гигиеналык ченемдерге ылайыктуулугун контролдоо жүзөгө ашырылат.
Эгер абадагы, эксплуатациялоочу турак жайдагы жана коомдук имараттардагы гамма-нурлануунун дозасынын күчү же радиондун абадагы катышы ушул Техникалык регламентте белгиленген ченемдерден ашып кетсе, анда аларды төмөндөтүү боюнча иш-чаралар каралат, ал эми аларды жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болсо, имараттардын же жайдын бөлүгүнүн профилин өзгөртүү маселеси чечилет. Курулуш чийки заттарын жана материалдарын сертификаты болгондо гана турак жай жана өндүрүштүк курулуш үчүн, ошондой эле турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн пайдалануу мүмкүн.
9. Өндүрүш үчүн чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди казып алуу үчүн жер казыналарын өндүрүштүк багыттагы азыктарды, жеке жана турмуш-тиричилик керектөө үчүн товарларды тандоо радиациялык контролдоонун натыйжаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-23" title="23-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>