22-берене. Радиоактивдүү калдыктарды урунуу
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 4-глава
1. Радиоактивдүү калдыктарды камтыган радиоактивдүү заттардын саны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чоңдуктан ашкан жана андан ары ушул же кандайдыр бир башка өндүрүштө жана эксперименталдык изилдөөлөрдө пайдаланууга болбогон эритиндилер, буюмдар, материалдар, биологиялык объекттер кирет. Радиоактивдүү калдыктарга ошондой эле иондуу нурлануунун андан ары пайдаланууга болбогон иштетилген булактары кирет.
2. Радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө радиациялык коркунучтуулук деңгээли төмөнкү негизги факторлорго байланыштуу болот:
- активдүүлүгүнүн чоңдугуна;
- нурлануунун түрүнө жана энергиясына;
- калдыктарда камтылган радиоактивдүү заттардын уулуулук даражасына;
- радионуклиддердин жарым-жартылай бузулуу мезгилине;
- калдыктардын физикалык (суюк, катуу) абалына;
- идиштин (таңгактын) түрүнө жана абалына;
- радиоактивдүү калдыктардын жарылуу жана өрт чыгуу коркунучтуулугуна.
3. Радиоактивдүү калдыктар чогулган ишкананын (уюмдун) күчтөрү жана каражаттары менен радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункттарына тапшыруу үчүн радиоактивдүү калдыктарды чогултуу жана даярдоо ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Суюк радиоактивдүү калдыктарды суу объекттерине, жер үстүнө, ошондой эле чарбалык-фекалдык жана өндүрүштүк-жаандык канализация тармактарына төгүүгө радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксаты менен гана уруксат берилет.
5. Катуу радиоактивдүү калдыктарды (мындан ары - КРК) мекеменин, ишкананын, уюмдун чектеринде чогултуу жана ташуу үчүн төмөнкүлөр пайдаланылышы керек:
- баштапкы таңгак менен жабдылган чогулткуч-контейнерлер, ошондой эле радиациялык коркунучтуулук белгиси коюлган өз алдынча таңгак түрүндөгү желим же кагаз мүшөктөр;
- чогулткуч-контейнерлер көп жолу пайдаланылгыдай, ыңгайлуу көлөмдө жана түзүлүштө болуусу тийиш.
Чогулткуч-контейнерлердин көлөмү жана түзүлүшү радиоактивдүү калдыктардын тиби жана саны, түрү, нурландыруу кубаты жана радионуклиддердин активдүүлүгү менен аныкталат. Алар механикалык жактан бышык, ташууга мүмкүндүк берүүчү бекем бекиткичтери жана жабдыктары болуусу тийиш. Чогулткуч-контейнерлердин ички беттери тегиз жабылууга, жылмакай болууга, кислоталар жана башка дезактивдештирүүчү материалдар менен иштетүүгө мүмкүн болуучу аз сиңирүүчү материалдан жасалууга тийиш. Чогулткуч-контейнерден нурлануу дозасынын күчү 1 м аралыкта 10 мкЗв/с (1 мбэр/с) ашпоосу тийиш. Сырткы беттеринде белгиленген деңгээлден ашкан радиациялык булгануу болбоосу тийиш.
6. Чогулткуч-контейнерди радиоактивдүү калдыктарга толтуруу радиациялык көзөмөл астында жана алардын чачылуу мүмкүндүгүн болтурбагандай шартта жүргүзүлүүсү тийиш.
7. Радиоактивдүү калдыктарды убактылуу сактоо мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. Калдыктардын ай сайын чогулушу 50 кг ашкан учурларда бул мөөнөт ар бир конкреттүү учурда саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
8. Иштетилген радиоактивдүү калдыктарды сактагыч-контейнерлерде көмүү корголгон контейнерлерде жүргүзүлүүгө тийиш. Иштетилген иондуу нурлануу булактарынын контейнерлердин үстүңкү бетиндеги гамма-нурлануу дозаларынын күчү ченемдик чоңдуктан ашпоосу тийиш.
9. Радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн пунктту эксплуатациялоодо жана аны эксплуатациялоодон чыгаргандан (жапкандан) кийинки мезгилде радиациялык контролдоо мониторинги жүзөгө ашырылууга тийиш.
10. Радиоактивдүү калдыктарды урунууда радиациялык коопсуздукту камсыз кылууга карата талаптар ушул Техникалык регламентте белгиленет.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-22" title="22-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>