18-берене. Радиоактивдүү заттарды, радиоактивдүү калдыктарды
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 4-глава
ташууда (ташып чыгууда) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу
Радиоактивдүү заттарды, радиоактивдүү калдыктарды (мындан ары радиоактивдүү материалдар) ташууда төмөнкү талаптар аткарылуусу тийиш:
1) таңгактардан жана транспорт каражаттарынан (автомобиль, чиркегич же жарым чиркегич, жүрүүчү темир жол составы, кеме же трюм, кеменин отсеги же палубасынын белгиленген бөлүгү, аба кемеси) алардын үстүңкү беттеринин радиоактивдүү булгануусунан жана таңгактардан радиоактивдүү заттардын чыгышынан нурлануу деңгээлдерин чектөө;
2) бир таңгакта ташылган радиоактивдүү материалдардын санын жана радионуклиддик курамын чектөө, таңгактоо жөндөмүнө жараша ташуунун ар түрдүү шарттарында жана радиоактивдүү материалдардын чачылуу жөндөмдүүлүгүнө карай берилген чектерде жылчыксыздыкты жана радиациялык коргоону камсыз кылуу;
3) ташуудагы атайын уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын эң аз өлчөмүндө анын конструкциясынын эсебинен эксплуатациялоонун коопсуздугу камсыз кылынуучу таңгактоо комплекттерин колдонуу;
4) алардын радиациялык коопсуздук деңгээлине жараша бир транспорттук каражатта ташылуучу таңгактардын санын чектөө;
5) жүктөргө жана транспорттук каражаттарга зарыл маркировкалардын, (коркунучтуулук белгилер), эскерткич белгилердин салынышын камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын аймагына радиоактивдүү материалдарды ташуу Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
7) радиоактивдүү заттарды ташууда персоналдын жана калктын радиациялык коопсуздугу төмөндөгүлөрдүн эсебинен камсыз кылынат:
- радиациялык таңгактардын жана транспорттук каражаттардын сырткы беттеринин радиоактивдүү булгануусун болтурбоонун;
- радиациялык таңгактардын жана транспорттук каражаттардын сырткы беттеринин нурлануу деңгээлдерин чектөөнүн;
- радиациялык жүктөрдү ташуунун оптималдуу каттамдарын тандоонун;
- персоналдын ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоонун.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-18" title="18-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>