17-берене. Техногендик булактардын коопсуздугун негиздөө
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 4-глава
1. Техногендик булакты эксплуатациялоо боюнча долбоордун курамында атайын бөлүм (коопсуздукту негиздөө боюнча) болуусу тийиш, анда кырсыкты кошо алганда, нормалдуу эксплуатациялоодо жана аны бузулганда анын коопсуздугунун негиздемесин берүү зарыл.
2. II же III категориялардагы түпкүлүгү коркунучтуу техногендик булактар үчүн коопсуздуктун ыктымалдуулугунун талдоосу аткарылышы керек. Коопсуздуктун ыктымалдуулугунун талдоосунун негизги максаты аларды болтурбоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча техникалык жана уюштуруучулук чаралардын тең салмагын камсыз кылуу, ошондой эле кырсыктардын натыйжасында зыян келүүлөрдүн тобокелчиликтерин баалоо үчүн ыктымалдыгы аз, оор кесепеттүү радиациялык кырсыктардын өөрчүү ыраатынын мүмкүндүгүн табуу болуп саналат.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-17" title="17-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>