7-берене. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
1. Демилгечи топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү демилгесин колдоо үчүн кол топтоого;
2) элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматты мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен таркатууга;
3) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт жүргүзүүгө.
2. Демилгечи топтун мүчөлөрү аны каттоо жөнүндө күбөлүгүн берген учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төрага жана анын эки орун басары шайланат. Төраганын жана анын орун басарларын шалоо жөнүндө демилгечи топтун жыйналышынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага чогулушка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
4. Ошондой эле демилгечи топтун төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) демилгечи топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарда көрсөтүүгө;
2) демилгечи топтун ишин координациялоого.
5. Демилгечи топтун чогулушунун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүрүшү боюнча маалыматты мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен алынып салынды: таркатууга.
кошулду: таркатууга;
3) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт жүргүзүүгө.
2. Демилгечи топтун мүчөлөрү аны каттоо жөнүндө күбөлүгүн берген … анын эки орун басары шайланат. Төраганын жана анын орун басарларын алынып салынды: шайлоо кошулду: шалоо жөнүндө демилгечи топтун жыйналышынын чечими протокол менен … чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>