8-берене. Мыйзам долбоорунун мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүү жана демилгечи топту каттоо
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги отуз күндүк мөөнөттө мыйзам долбоорунун ушул Мыйзамдын 4-беренесинин талаптарына ылайыктуулугун, ошондой эле демилгечи топту түзүү жөнүндө документтерди текшерет.
2. Берилген документтерди текшерүүнүн жана жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттайт.
3. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Демилгечи топту каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине зарыл документтердин тизмеги берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
(Абзац КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттоо күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдайт.
7. Демилгечи топ катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзам долбоорун коштоочу документтери менен, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топ аны каттаган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде мыйзам долбоорунун текстин коштоочу документтери менен республикалык басылмалардын биринде же болбосо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыялоого милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы № 31, 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 марта 2016 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О народной законодательной инициативе в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>