6-берене. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 февраля 2023 года № 22
6-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 6-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу максатында жарандардын демилгечи тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкү документтер киргизилет:
1) демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо жөнүндө демилгечи топтун төрагасы кол койгон арыз. Арызда демилгечи топтун аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн;
2) демилгечи топтун аны түзүү жөнүндө, мыйзам долбоорун демилгелөө жана төраганы жана анын эки орун басарын шайлоо жөнүндө чечимдер кабып алынган жыйналышынын протоколу;
3) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу) көрсөтүлгөн тизмеси;
4) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү;
5) мыйзам долбоорунун тексти кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө;
6) салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаңы редакциясы берилген учурда);
7) мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме;
8) жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда);
9) жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн мыйзам долбоору, мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздеме, салыштырма таблица (мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген же анын жаны редакциясы берилген учурда), жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар (зарыл болгон учурда), жөнгө салуучу таасирин талдоо (зарыл болгон учурда) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мыйзам чыгаруу техникасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык таризделүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин тизмеси акыркысы болуп саналат.
4. Элдик мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча демилгечи топту каттоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
Демилгечи топтордун реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат. Демилгечи топтордун реестри онлайн-форматта жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланат. (КР 2023-жылдын 6-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>