5-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш менен чыккан жарандар элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы кеминде 10 адамдан турган демилгечи топту түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары демилгечи топтун мүчөлөрү боло алат.
2. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол топтоо, мыйзамдын долбоорун даярдоодо, киргизүүдө, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алууда жарандардын кызыкчылыктарын өкүл болуу максатында түзүлөт.
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>