16-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдын долбоорунун милдеттүү каралышы
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
1. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү каралууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы тарабынан өзүнүн күчүн жана кароого милдеттүүлүгүн сактайт.
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>