17-берене. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу
Күчүндө · 06.02.2023 редакциясы
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда караганга чейин чакыртылып алынышы мүмкүн.
2. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим демилгечи топтун жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда демилгечи топ бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жазуу жүзүндө билдирет.
4. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланат.
Берененин тексти 06.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203452/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>