Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-августу № 137 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 токтому менен 2013-жылдын 12-августуна дайындалып, айылдык кеңештин 21 депутатынан 12 депутат катышып, 9 депутат белгисиз себептер менен катышкан эмес. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн талабы аткарылбагандыктан шайлоо өткөн эмес. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Ж.Ш. өзүнүн берген арызынын негизинде, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 6-август 2013-жылдагы № 29/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаков Э.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 12-август 2013-жылдагы № 176-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилова Карачач Жумаевнага Ильич айылдык кеңешинин 2013-жылдын 1-августундагы № 22-9-26 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 13-август 2013-жылдагы № 190-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимова Т.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын - акиминин 14-август 2013-жылдагы № 192-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесиндеги 2, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын - төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 4-сентябрына дайындалсын:
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо;
- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
2. Кочкор, Бакай-Ата, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.Аргымбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 20.09.2013 · № 148
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-сентябрындагы № 149 "2013-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун…Постановление · 20.09.2013 · № 149
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 24.07.2013 · № 127
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон