Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-июлу № 127 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес. Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн жазган арызынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 16-июль 2013-жылдагы № 36-б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 3 чечимине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 3, 4-бөлүктөрүнө, 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 12-августуна дайындалсын:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
2. Сузак, Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 136 "2013-жылдын 12-августунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна…Постановление · 20.08.2013 · № 136
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 20-августундагы № 137 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу…Постановление · 20.08.2013 · № 137
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын…Постановление · 28.06.2013 · № 110
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон