553-3-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
катталганда администрациялык жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү
1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат.
2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат.
Эскертүү. Транспорт каражатына менчик укугунда ээлик кылуучу жеке адамдар, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга таандык транспорт каражаты убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген жеке адамдар, транспорт каражатынын ээлери катары таанылат.".
4. 559-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен катталган администрациялык укук бузуу табылган учурда, администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголуп жаткан адамдын катышуусу жок эле чыгарылат жана ушул Кодексте каралган тартипте жол-жоболонот. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом, автоматтык тартипте иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен, юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук санариптик кол тамга менен бышыкталган электрондук документ таризинде жол-жоболонот. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдун, автоматтык тартипте иштеген атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдардын көчүрмөсү, электрондук документти кагаз алып жүрүүчүдөгү документке которуу жолу менен даярдалат жана көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде, почта боюнча тапшырык почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголуп жаткан адамга жиберилет.".
5. 584-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун орду
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, бети ачылган жер боюнча, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнмөсү боюнча ал адамдын жашаган жеринде каралат. Ушул Кодекстин 20-главасынын 213, 225, 243, 244, 248-250, 262-265-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаттарынын катталган жери боюнча да каралышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 223, 224, 226-242, 245, 247-статьяларында каралган жана автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен катталган администрациялык укук бузуу тууралуу иштер, автоматтык тартипте иштеген, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдар келип түшкөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жайгашкан орду боюнча каралат. Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер, алар жасалган жер боюнча же укук бузуучу жашаган жер боюнча каралат. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуучунун жашаган жери боюнча каралат.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
553-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203391/st-553-3" title="553-3-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>