1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 547-1-статья менен толукталсын:
"547-1-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоо
1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козгоого төмөнкүлөр себеп болуп саналат:
1) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтарды администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдар түздөн-түз тапканда;
2) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден келип түшкөн материалдар;
3) администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган, жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөр;
4) автоматтык тартипте иштеп жаткан, фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары, же фото- жана кино тартуу, көрмө жазуу каражаттары бар атайын техникалык жабдуулар жол кыймылы жагында администрациялык укук бузууну каттаганда;
5) ушул пункттун 4-пунктчасында каралган учурларда, транспорт каражаты башка адамдын ээлигинде же пайдалануусунда турганы жөнүндө, транспорт каражатынын менчик ээсинин (ээсинин) билдирүүсүндө же арызында камтылган маалыматтар бышыкталганда.
2. Администрациялык укук бузуу тууралуу иш, ушул статьянын 1-пунктунда каралган себептердин бири жана администрациялык укук бузуу окуясынын болгонун көрсөтүүчү жетиштүү маалыматтар болгондо, администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан козголушу мүмкүн.
3. Төмөнкү учурлардан тартып администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш козголгон болуп эсептелет:
1) администрациялык укук бузуу жасалган ордун кароо протоколу түзүлгөн;
2) администрациялык укук бузуу иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө биринчи протокол түзүлгөн;
3) администрациялык укук бузуу тууралуу протокол түзүлгөн же прокурор тарабынан администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө токтом чыгарылган;
4) администрациялык тергөө жүргүзүү зарыл болгондо, администрациялык укук бузуу ишин козгоо жөнүндө аныктама чыгарылган;
5) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда, администрациялык укук бузуу иши боюнча токтом чыгарылган.
4. Ушул статьянын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн материалдар, билдирүүлөр, арыздар болгондо, администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартылган учурда, көрсөтүлгөн материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды караган кызмат адамы тарабынан администрациялык укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат.".
2. 553-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул маалыматтар администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол, ушул Кодексте каралган башка протоколдор, администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдын түшүндүрмөлөрү, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын көрсөтүүлөрү, адистин түшүндүрмөсү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен белгиленет."; төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Администрациялык укук бузуулар тууралуу материалдарды кароодо тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана шаймандардын маалыматтары далил катары пайдаланылышы мүмкүн.".
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 553-2 жана 553-3-статьялар менен толукталсын:
"553-2-статья. Атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү
1. Ушул Кодекстин статьяларында тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттар жана шаймандар дегенде, метрологиялык текшерүүдөн өткөн техникалык каражаттарды жана укук бузууларды байкоочу жана каттоочу шаймандарды, укук бузууну жасоо фактысын жана убактысын, транспорт каражатынын түрүн, үлгүсүн, мамлекеттик каттоодогу номурдук белгисин жана кыймылынын багытын каттоочу фото-, көрмө аппаратураны түшүнүү керек.
2. Атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурда чыгарылуучу администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтомдо чагылдырылат.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203391/st-1" title="1-берене - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>