99-берене. Курулуш конструкцияларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялык аткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышына себеп болууга тийиш эмес. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүн отко туруктуулук чектери жалгашуучу курулуш элементтеринин отко туруктуулук чектеринен кем болбоого тийиш. Имараттардын (курулмалардын) залдарда полду жантайтуучу конструкциялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын аралыгын тоскучтарга (перекрытие) коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Курулуш конструкцияларын кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана башка технологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучу материалдардын отко туруктуулук чектери ошол конструкциялар үчүн белгиленген отко туруктуулук чектеринин маанилеринен кем болбоого тийиш. Тоскучтар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатуу үчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко туруктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол тоскучтар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерине жана өрт коркунучу классына коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы бөгөттөр алардын үстүндөгү боштуктарды да бөлүүгө тийиш. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюк жана катуу материалдарын ташуу үчүн каналдар менен өткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайларда асма шыптарды коюуга жол берилбейт.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
99-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-99" title="99-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>