98-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу тууралуу маалыматтарына коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 27-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Оттон коргоо каражаттарынын техникалык документтери колдонуу жаатын, өрт коркунучунун, үстүңкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактын түрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуу шарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералык таасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабууларды пайдалануу шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын камтууга тийиш. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүнү же анын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар (кошумча жабуу) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоо натыйжалуулугу тийиштүү атайын техникалык регламент менен аныкталууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
98-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-98" title="98-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>