100-берене. Өрт коопсуздугунун желдетүү, абаны кондициялоо жана түтүндөн коргоо системаларынын конструкцияларына жана жабдууларына коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Ар кандай арналыштагы желдетүү системасынын каналдарынын (анын ичинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары отко туруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгү боюнча талап кылынган тыгыздыктагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү системаларынын (илинүүчү) каналдарынын бекитүү түйүндөрү жана алардын тосуучу курулуш конструкциялары менен кесилишүү түйүндөрү бул каналдар үчүн талап кылынган отко туруктуулук чектеринен төмөн болбоого тийиш. Түтүнгө каршы желдетүүнүн тартуучу каналдары тармактуу жылуулук кеңейүүлөрүнүн конденсаторлору менен жабдылууга тийиш. Өрткө каршы нормалдуу ачык клапандар автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердин курамында жылуулук сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана колдонуу каралышы керек. Өрткө каршы нормалдуу жабык жана түтүн клапандары үчүн жылуулук сезгич элементтерди колдонууга жол берилбейт. Ар кандай типтеги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири-бирине кыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минималдык маанилерин камсыз кылууга тийиш. Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдетүүнүн түтүн люктарын механикалык күч келүүнү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жеңүүчү тартуу күчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) менен колдонуу керек. Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тартуучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продукттарынын орун которууларында адамдарды эвакуациялоого (эвакуация жолунда адамдарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүү мезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш. Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири-бири менен кыналуу жерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минималдык маанисин камсыз кылуучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш. Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жабдылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда жайда пайда болуучу түтүн катмарынын калыңдыгынан кем болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү, кондициялоо жана түтүндөн коргоо системаларынын анык мааниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүсү) атайын техникалык регламент менен аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
100-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-100" title="100-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>